Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жакындан жардам беришти.

      Жакында Билим  илим  кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин  кызматкерлери Л.П.Олимпиева,Б.М.Кадыркулов Кемин  районунун  билим берүү  мекемелеринде  болушту.А.Казакбаева  атындагы Чымкоргон, М.Кашаганов  атындагы Ак Бекет   орто  мектебинин  администрациясынын  профсоюз  комитетинин  биргелешип  жүргүзгөн  иштери  каралды. Өзгөчө Чым Коргон  айыл өкмөту,мектеп администрациясы. Профком комитети   менен  түзүлгөн   үч  тараптуу  келишимдин  түзүлүшү, анда  каралган  маселелердин чечилиши тууралуу көптөгөн мисалдар  келитирилди.Мектеп  администрациясынын  буйрук  китепчелери, анда  жазылган  буйруктардын  жазылышы, техника  коопсуздугунун  сакталышы, профсоюз  мүчөлөрүнүн эмгегин  коргоо боюнча  алгыклыктуу иштер  бар  экендишгине  күбө  болушту. Жана  дагы кетирилип жаткан кемчиликтерди  оӊдоо  боюнча  бир  топ маселелер  козголуп, Билим  илим  кызматкерлер  профсоюзунун кызматкерлери  тарабынан   көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.     Кемин  районунун айыл  өкмөттөрү билим  берүү  мекемелерине  өзгөчө  көӊүл  бөлүшүп,   билим  берүү  мекемелеринде  иштеген  кызматкерлерге  толук  кандуу иштешине   көптөгөн  шарттар  түзүлүүдө. Мисалга  алсак мектептерде  ысык  суулардын коюулушу, жылуулук  системаларынын  капиталдык  жактан  ремонттон  өткөрүү  иштери  жүргүзүүлүүдө.