Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жакшы саамалыктар

 

Билим берүү кызматкерлер профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети, шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте бир топ бараандуу иштерди жүргүзүшүүдө.

     Быйылкы окуу жылында да Жалал-Абад шаардык мэриясы, билим берүү бөлүмү, профсоюздун шаардык комитети тарабынан түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде мугалимдик ардактуу кесиптин беделин көтөрүү, кесиптик чыгармачылыгын колдоо жана «2014-жылдын мыкты мугалими» жана «2014-жылдын мыкты тарбиячысы» кароо-сынактары өткөрүлдү. Бул өткөрүлгөн кароо-сынакка шаардын жалпы билим берүүчү орто мектептеринен 20 мугалим жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 10 тарбиячы катышты.

Бул иш-чара шаардык мэрия тарабынан быйылкы жылы 150 000 (жүз элүү миӊ) сом акча каражаты, профсоюздун шаардык комитетинен да материалдык жактан колдоо үчүн акча каржаты бөлүнүп, ал түзүлгөн калыстар тобунун чечимине ылайык төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү.

    «2014-жылдын мыкты мугалими» М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын математика мугалими Абдуллин Марат, ал эми «2014-жылдын мыкты тарбиячысы» №14 «Ак тилек» мектепке чейинки билим берщщ мекемесинин тарбиячысы А. Турдалиева табылып, аларга 1-Даражадагы диплом жана НОУТБУК менен сыйланышты.

     Ал эми 2 –орун №19 орто мектептин  чет тил мугалими Төрөбаева Жаркын жана №33 балдар бакчасынын тарбиячысы Канетова Гщлзадалар 2 –даражадагы диплом жана тщстщщ телевизор менен сыйланышты.

     Ошондой эле 3 – орунду Т. Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын математика мугалими Төрөкуловва Гулмида жана №7 «наристе» балдар бакчасынын тарбиячысы Абдуллаева Гулсаралар 3-даражадагы диплом ПЛАНШЕТ менен сыйланышты.

     Мындан сырткары 7 мугалимге ар кандай номинацияларды ыйгаруу менен ар бирине электро меш жана калган катышуучу мугалимдер, тарбиячылар радио-сааттар менен сыйланышты.

      Ал эми 1-орундагы жеӊүүчү ушул эле сынактын облустук туруна катышууга жолдомо алып, бүгүнкү күнү Абдуллин Марат облустук турдун да жеӊүүчүсү деп табылып, аталган кароо-сынактын Республикалык туруна катышууга жолдомо алды.

       Мындан тышкары 1-Май Эмгекчилердин Эл аралык тилектештигинин күнүнө карата ар бир эмгек жамааты шаардын борбордук аянтында өткөрүлгөн майрамдык ар түрдүү оюн-зоок, спорттук иш-чараларына катышты. Ал эми Улуу Жеӊиштин 69 жылдыгына карата жалпы билим берүүчү орто мектептерде, мектептен тышкаркы мекемелерде согуштун жана эмгектин ардагерлери менен жолугушууларды өткөрүп, шаардын Жеӊиш багында мектептер тарабынан уюштурулган ар түрдүү эскерүү иш-чараларында өчпөс отко гүл чамбарлар коюлду.

 

 

Профсоюздун шаардык

комитетинин төрайымы :                               З. Тургунбаева