Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өзгөндө «Жылдын мыкты мугалими-2015» сынагы жыйынтыкталды

2015-жылдын   7- 8 - апрель   күндөрү   Жазы   айыл   өкмөтүнө    караштуу Т.Ташмаматов   атындагы   орто   мектебинин   базасында    Кыргыз   Республикасынын    Билим    берүү   жана    илим   министрлиги     тарабынан  бекитилген    Жобонун    негизинде     «Жылдын      мыкты     мугалими  - 2015»  сынагынын    райондук    этабы    өткөрүлдү.   Аймактык    сынакка      катышкан             42  мугалимдин    арасынан   эӊ    мыкты  деп   табылган  9  мугалим   сынактын  райондук  этабына  катышып,   өздөрүнүн   педагогикалык  чыгармачылыктарын,   ишмердүүлүктөрүн    жана   изденүү   менен     эмгектенип    жатышкандыктарын    көрсөтүштү.    Жыйынтыгында,  Ы.Бектемиров  атындагы  орто    мектебинин   башталгыч  классынын    мугалими    Жолдошова    Нурзия       3- орунга,   №5 В.И.Ленин  атындагы  орто  мектебинин  англис  тили  мугалими  Жунсалиева   Дилара  2 - орунга,  Б.Келдибаев    атындагы    орто    мектебинин  химия    мугалими     Джумагулова   Турсунгүл  1-  орунга    татыктуу      болушса,  Токтогул   атындагы   орто   мектебинин    математика    мугалими     Исмаилова  Кызжибек  «Гран-При»  сыйлыгынын  ээси  болду.

    Бул    жөрөлгөнү    колдоо    максатында    билим   берүү   кызматкерлеринин   райондук  профсоюз  комитети  «Жылдын  мыкты  мугалими -2015»  сынагынын   райондук  этабынын    жеӊүүчүлөрүн  жана   бардык   катышуучуларын   Ардак  грамота  жана  баалуу  белектер  сыйлап  куттуктады.

 

 

 

                        Өзгөн  РПКнын

                                 төрагасы:                            И.Мырзамидинов.