Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык-Көл областтык кароо-сынактын жеӊүүчүлөрү аныкталды

 

Ысык-Көл областтык билим берүү институту, областтык билим берүү уюмдарынын координациясы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген Республикалык кароо-сынактын Жобосунун негизинде  областтык “Мыкты мектеп-2014” жана “Мыкты бала бакча-2014” кароо-сынагын өткөрдү.

Кароо-сынактын төмөндөгүдөй критерийлери иштелип чыккан жана баалоо жүргүзүлдү:

  1.  Мугалимдик кесипттик деӊгээлинин өсүшү.
  2.  Окуу процессинде мектептин, окуучулардын жана мугалимдердин жетишкендиктери.
  3.  Инновациялык технологиялар.
  4.  Тарбиялык багыттагы иш-чаралар.
  5.  Окуу процессин уюштуруу.
  6.  Мектептин жергиликтүү жана регионалдык ролу.
  7.  Мектептин документациясынын жолго коюлушу.
  8.  Мугалимдин көрсөтмө куралдары.
  9.  Балдардын билимин өстүрүү боюнча мектептеги жаӊычыл иштери. Кароо-сынактын жүрүшү областтык телевидение аркылуу чагылдырылды. Эки күн бою өткөрүлгөн кароо-сынак 8-майда жыйынтыкталып, калыстар тобунун чечими менен төмөндөгү мектептер жеӊүүчү деп табылып, байгелүү орундарга ээ болушту жана областтык билим берүү институтунун Дипломдору жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.

“Мыкты мектеп-2014” кароо-сынагына област боюнча 12 мектеп ал эми “Мыкты бала бакча-2014” кароо-сынагына 6 бала бакча катышышты.

«Жылдын мыкты инновациялык мектеби-2014» номинациясы боюнча :

I                орун- Балыкчы шаарынын №4 мектеп гимназиясы.

II              орун- Ак-Суу районунун М.Мамакеев атындагы орто мектеби.

III             орун- Чолпон-Ата шаарынын Киров атындагы мектеп-лицейи.

« Жылдын мыкты айылдык мектеби-2014» номинациясы боюнча :

I                орун- Тоӊ районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби.

II              орун-Ак-Суу районунун М.Жусупов атындагы орто мектеби.

III             орун- Ысык-Көл районунун Акун Мыктыбек атындагы орто мектеби.

«Жылдын мыкты шаардык мектеби-2014» номинациясы боюнча :

I                орун- Балыкчы шаарынын №8 К.Жакыпов атындагы орто мектеби.

II              орун- Каракол шаарынын №9 орто мектеби.

Бала бакчалар арасында:

«Жылдын мыкты шаардык бала бакчасы-2014» номинациясы боюнча :

I                орун- Балыкчы шаарынын «Чолпон» бала бакчасы.

II              орун- Каракол шаарынын №4 бала бакчасы.

«Жылдын мыкты айылдык бала бакчасы-2014» номинациясы боюнча :

I                орун- Түп районунун Туп айылындагы «Бакыт» бала бакчасы.

II              орун- Ысык-Көл району Ананьево айылындагы «Келечек» бала бакчасы. Республикалык кароо-сынакка I орунду ээлеген мектептер жана бала бакчалар катышмакчы.Кароо-сынактын жеӊүүчүлөрүнө ийгиликтерди каалайбыз.

                                           Э.Садабаев, Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин төрагасы.