Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук күн өткөрүлдү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин Профсоюздук билим берүү усулдук  борборунун иш планына  ылайык, 2023-жылдын 15-майында кесиптик бирликтин Таш-Көмүр шаардык комитетинде жооптуу кызматкерлер А.Бегматов жана А.Айдаров тарабынан усулдук күн өткөрүлдү.

Иш-чаранын 1-бөлүгүндө кесиптик бирликтин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы М.Т.Үтүрбаеванын жеке демилгеси менен уюштурулган офис жана андагы документтер менен таанышып, усулдук жардам берилди.

Шаардык комитеттин №3 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин баштапкы кесиптик уюмунун кайрылуусуна мыйзамдуу жооп берилип, көмөк көрсөтүлдү. №7 орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Н.Эшалиевага иш кагаздарды жүргүзүү тууралуу консультациялар берилди. №111 кесиптик лицейдин баштапкы кесиптик уюмунун төрагасы А.Ташбаевтин суроолору кесиптик бирликтин райондук жетекчилиги менен чечүү сунушталды.

Иш-чаранын 2-бөлүгү - №4 орто мектебинде улантылып, шаардагы билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагалары менен “Отчеттук кайра-шайлоо конференциясын, чогулуштарын даярдоо жана өткөрүү”  темасында окуу семинары болду. 

Анда областтык комитеттин жооптуу кызматкелери А.Айдаров, А.Бегматов тема боюнча усулдук материалдар менен баяндама жасашты. Суроолорго жооптор берилди. Кесиптик бирликтин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы М.Т.Үтүрбаева усулдук күн үчүн областтык комитеттин жооптуу кызматкелерине ыраазычылыгын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров