Усулдук көмөк көрсөтүлдү
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин Профсоюздук билим берүү усулдук борборунун 2023-жылдагы иш планына ылайык Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыковго областтык комитеттин укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору А.Айдаров тарабынан усулдук көмөк көрсөтүлдү.
Иш-чарада республикалык кароо-сынактын Жобосуна ылайык критерийлер талкууланды. Кароо-сынакка дарярдык иштеринин жүрүшү жөнүндө ой-пикирлер алмашылды. М.Мамасыдыков эмгекти коргоо боюнча шаардык комитет тарабынан аткарылган иштер тууралуу айтып, алдындагы милдеттерге токтолду. Коомдук инспекторлор жана жаштар кеңештеринин ишмердүүлүгүн уюштуруу жөнүндө А.Айдаров сунуштарын билдирди.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров.