Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Төрага А.Токтогуловдун Ноокат райондук кесиптик бирлик мүчөлөрү менен жолугушуусу

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А. Токтогуловдун Ысык-Көл областынданы “Красная Гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборунда эс алып жаткан Ноокат райондук кесиптик бирлик мүчөлөрү менен жолугушуусу уюштурулду.

Жолугушууда төрага А. Токтогулов баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрүн кызыктырган айлык-акы, эмгек өргүү, кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүгү жана башка бир катар суроолоруна  жооп берүү менен, кесиптик бирликтин аткарылып жаткан иштерине кеңири токтолду.

Билим берүү кызматкерлеринин эмгектик укугун жана таламын коргоо, алардын иштөөсүнө жана эс алуусуна талаптагыдай шарттарды түзүү райондук комитеттин жана бардык баштапкы уюмдардын ишинин башкы милдети жана максаты экендигин белгиледи.

Ошондой эле акыркы жылдары мугалимдердин эмгектик укугун коргоого айрыкча көңүл бурулуп жаткандыгын, ар бир кайрылуу, укугу бузулган көрүнүштөр кароосуз калбагандыгын жана мугалимдердин эмгек өргүүлөрүн, эс алууларын жогорку деңгээлде уюштурулуп жана  ал үчүн бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын айрым далилдүү фактылыр менен баса белгилеп айтып өттү.

Иш-чарада Ноокат райондук кесиптик бирлик мүчөлөрү тарабынан даярдалган “Санарарип-заман талабы”  деген аталыштагы тренинг өтүлдү. Анда “Заманбап сабак кандай болуу керек?” “Билим берүү мыйзамын билесизби?” деген аталыштагы жана  заманбап сабак өтүүдө кайсы платформалар менен иштөөгө болоорун жана дагы  бир катар маалыматтар  тууралуу сабактар өтүлүп, кызыктуу оюн-зооктор менен коштолду.

Жолугушуунун соңунда, эс алуучулар Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогуловго кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрү үчүн көрүлүп жаткан  камкордуктары үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, кесиптик бирликтин ишине ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети