Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тажрыйба алмашуудагы тегерек стол.

Ош  ОПК 2016-жылдын   иш  планына  ылайык  1- мартта  РПК, ШПК  окуу  жайлардын  жана   түздөн түз  тейлөөдөгү  баштапкы   уюмдардын   төрага, төрайымдары   катышкан  тармактык  профсоюздун  ишмердүүлүгүн   арттыруу  максатында, уюмдардын  алгылыктуу   иштерин  үйрөнүү,  тажрыйба  алмашуу   жана  алдыдагы  иштерге   багыттоо  таризинде  тегерек  стол  өткөрүлдү.

           Анын  жүрүшүндө  аткарып  жаткан  иштерине  тереӊ  талдоо   жүргүзүп,   анын маани- маӊызын  ачып көрсөтүп,   ишке  ашыруудагы  ыкмаларын,  кызматташуунун    ийкемдүү  түрлөрүн   төмөндөгүлөр  баяндап  беришти.

 1. Кара- Суу  РПКнын  төрагасы   П. Жакыпов - Кара –Суу  РПКнын   жалпы  жүргүзүп  жаткан  иштери   жөнүндө .

2. Өзгөн  РПКнын  төрагасы  И. Мырзамидинов  -  Өзгөн  РПКнын    социалдык   өнөктөштөр   менен     кызматашуунун  түрлөрү  жана  ыкмалары  жөнүндө

( айыл  аймактар, Райадминистрация,  РайБББ).

 

3. Араван  РПКнын  төрагасы   Б.Турдубаев  - Араван  РПКдагы   кызматкерлердин  укуктарын ,  кызыкчылыктарын   коргоодогу  иштери  жөнүндө.(  Салыктардан коргоо).

 

4. ОшМУнун  бириккен профсоюз  комитетинин  төрагасы  А.Аккулов – ОшМУдагы  жалпы эле  профсоюздун  ишмердүүлүгү,  профбюролордун  акдивдүүлүгү  жөнүндө.

 

   Иш  чааранын  жүрүшүндө   катышуучулар  баяндамачыларга   суроолорду   беришип,  кошумча  пайдалуу  түшүндүрмөлөрдү   ала  алышты.

   Соӊунда  тегерек  стол  жандуу,  жигердүү  өткөндүгүн  белгилешип,  баяндамачыларга   ыразычылыктар   билдирилди.

 

 

                                    Ош  областтык  профсоюз  комитети.