Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тажрыйба алмашуу иш-чарасы

Ноокен районундагы №6 “Арал” орто мектебинин кесиптик бирлик комитети  райондук, областтык кесиптик бирлик комиттери менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган жолугушууда баштапкы кесиптик уюмдарынын кадыр-баркын көтөрүү, кесиптик бирликтин ишин өркүндөтүү максатында сүйлөшүүлөр жүрүп, аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берилди.

Ошондой эле Жалал-Абад областтык комитетинин  төрагасы А.Исмаилов борбордук комитет тарабынан уюштурулган “Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” кароо-сынагы жөнүндө маалыматы менен бөлүшүп, кеңештери менен бөлүштү.

Областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов менен эки тараптуу жана үч тараптуу келишимдердин  аткарылышы, социалдык-экономикалык, укуктук маселелердин чечилиши боюнча кесиптик бирликтин келечектеги өнүгүү планы боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

 

 

Маалыматтты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети