Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Тарыхы болбой эл болбойт, өнөрү болбой журт болбойт”

ЖАМУда  “Тарых жана маданият” жылынын алкагында  “Тарыхы болбой эл болбойт, өнөрү болбой журт болбойт” аттуу тарыхый - интелектуалдык, музыкалык кароо сынак долбоору өз ишин Ата Мекенди коргоочулар кщнщнё карата майрамдык маанай менен баштады.

   Салтанатта ЖАМУнун ректору с.и.д. профессор Акунжан Баказович Абдрашев  куттуктоо сөз сүйлөп,  диплом, ардак грамота жана баалуу сыйлыктарды татыктуу эр азаматтарга тапшырып, долбоордун  сапары байсалдуу болушун каалады.

   Ал эми ЖАМУнун кесиптик кошундар комитетинин төрагасы Болотбеков Кубанычбек Маданович  жлпы жаматы мекенчилдик майрамы менен куттуктап, Ооган согушунун ардагерлерине профкомдун атынан акчалай сыйлыктарды тапшырып, долбоордун көч башын баштоочу эки факултеттин командаларына жеӊиш каалады.

 “Педагогика жана маалымат техналогиялар “факультети  менен “Табыгый техникалык” факультеттин командалары  тарыхый-интелектуалдык музыкалаштырылган атайын программа боюнча оюн зоок көрсөтүштү. Командалардын бул сынакка өтө жогорку денгээлде даярданып келгени даана көрүнүп турду жана кароо сынакты жогорку маанайда позитивдүү өткөрүүгө чоң салым кошту. Кароо сынактын жобосунда көрсөтүлгөн баардык номерлерди патриоттук сезим менен аткарышып, ата бабаларыбыз басып өткөн жолду сахналаштырып, студенттердин рухий дүйнөсүнө нур себе алышты. Калыстар тобунун төрайымы , Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Асылбекова Салтанат Амановна : “ Тарых жана маданият” жылына карата Жалал-Абад областында биринчи иш чара билим кени болгон ЖАМУ даөткөрүлгөнү  кубанычтуу болду. Анткени мен билгенден  ар дайым президентибиз тарабынан белгиленген мамлекеттик деңгээлдеги иш чараны ЖАМУ биринчилерден болуп баштайт. Азыркы кароо сынактын жобосу канчалык татаал түзүлгөнүнө карабастан, команда мүчөлөрүнүн ынтымагы, идеасы, таланты  эң бир жогорку көрсөткүчкө ээ болду. Катышуучулардын аткаруучуулук чеберчелиги мыкты болгонуна байланыштуу, жеңүүчүлөрдү аныктоо кыйынга турду. Аягында достук жеӊди деп белгиледи.

       Жыйынтыгыда ЖАМУнун администрациясы жана профком тарабынан эки командага теӊ  акчалай сыйлык жана ардак грамоталар тапшырылды.

ЖАМУнун профсоюз уюму.