Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү

Мугалимдердин август кеңешмеси “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр” деген темада болуп өттү. Кеңешмеге Сузак райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары Г.Б.Камбарова, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Д.Орозалиев жана мектеп жетекчилери, ардагерлер жана мугалимдер катышышты.

Кеңешме салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, билим берүүдөгү жетишкендиктер белгиленди жана эки тараптуу жана үч тараптуу макулдашуулардын аткарылышы жөнүндө сөз болду. Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети тарабынан каржыланып кызыктыруучу ар кандай сыйлыктар менен жалпы республикалык тестирлөөдө окуучулары жогору балл алган мектеп мугалимдери ,мектеп жетекчилери сыйланышты.

Кеңешмеде 2023-2024-окуу жылына байланыштуу атайын резолюция сунушталып, бир добуштан кабыл алынды. Бул иш-чараларды ишке ашырууда  Билим берүү бөлүмү жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги өнөктөш болуп иш алып баруусу белгиленди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитетинин адиси М.Примкулов