Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта 19-октябрь профсоюздардын кесиптик майрамы белгиленди

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда профсоюздардын кесиптик майрамына карата атайын кече өткөрүлдү жана бул иш-чарага Сузак райондук Билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.К.Сариев жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы М.М.Примкулов катышышты.

Профсоюздардын кесиптик майрамы жөнүндө жана милдеттери, аткарып жаткан иштери жөнүндө кыскача баяндама берилди. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети, Жалал-Абад областык, Сузак райондук комитеттери тарабынан алдыңкы профсоюз активдери “Ардак грамота”, төш белгилер менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети