Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорттук иш-чара өткөрүлдү

2023-жылдын 14-майында Ала-Бука районунда  Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген  окутуучусу Н.Жайлообеевдин элесине арналган кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн арасында спартакиада өткөрүлдү. Спорттун мелдеш ар бир аймакта мектептер аралык оюндун беш түрү боюнча өткөрүлүп, райондук  мелдеште терме командалар күч сынашты.

Жободо белгиленгендей, Ала-Бука районундагы  сегиз айыл аймагынан 37 терме командалары катышып, жалпы 300 дөн ашуун кесиптик бирлик мүчөлөрү катышышты.

Спартакиаданын жүрүшүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. Баймуратов сөз сүйлөп, аталган иш-чара эмгек сиңирген мугалим Н.Жайлообеевдин ысымынан өтүп жаткандыгын баса белгилеп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Андан соң билим берүү кызматкерлеринин Ала-Бука районундук кесиптик  бирлик комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев сөз сүйлөп, аталган иш-чара   Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген  окутуучусу Н.Жайлообеевдин элесине арналып өткөрүлүп жаткандыгына он бир жылдын жүзү болгондугун баса белгилеп өттү.

Спартакиаданын жүрүшүндө райондук билим берүү бөлүмүнөн Б.Акпаралиев,  балдар жана өспүрүмдөр мектебинин директору Н.Өскөнбаев жана аксакал оюнчу Д.Абдылдабекова  катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.

Мелдештин соңунда спорттун волейбол түрү боюнча эркектер арасында I орунду Балтагулов атындагы айыл аймагынын терме командасы;

II орунду Ак-Коргон айыл аймагынын терме командасы, III орунду 1-май айыл аймагынын терме командасы камсыз кылса,  спорттун ушул эле түрүнөн айымдар арасында

I орунду Ак-Коргон, II орунду Ала-Бука, III орунду Балтагулов атындагы айыл аймактарынын командалары камсыз кылышты.

Ал эми кичи футбол боюнча I орунга  Ала-Бука, II орунга Ак-Там, III орунга Ак-Коргон айыл аймагынын командалары ээ болушту.

Оюндун шахмат түрү боюнча I орунду Ала-Бука, II орунду Өрүктү, III орунду Ак-Коргон айыл аймагынын командалары камсыз кылышты.

Ал эми Тогуз Коргоол оюнунан I орунга Балтагулов, II орунга Ак-Там, III орунга Ала-Бука айыл аймагынын командалары камсыз кылышты.

Спорттук мелдеш жогорку дегээлде өткөрүлүп, катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти, ошондой эле билим берүү жана илим кызматкерлеринин Ала-Бука райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев катышуучуларга диплом жана баалуу белектерди тапшырды.

 

Даярдаган: Ала-Бука райондук кесиптик бирлик комитетинин кызматкери  З.Казакова