Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорт ден соолуктун булагы

 2015-жылдын 5-март  куну Макмал орто мектебинин спорт залында билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитети  8-март Аялдардын  эл аралык күнүнө карата  райондогу билим берүү кызматкерлер арасында «Волейбол» оюну боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага райондогу билим берүү уюмдарынан  17 айымдар командасы  катышты.

Жыйынтыгында  1-орун №5 Барктабас  атындагы орто мектеби, 2-орун №1 Макмал орто мектеби, 3-орун М.Жаныбаева атындагы орто  мектебинин командаларына ыйгарылды. Жеӊген командалар  билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети тарабынан   диплом жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

 

 

 

 

Билим берүү кызматкерлеринин                               

профсоюзунун Тогуз-Торо райондук

комитетинин төрагасы:                                                                              З. Ажыбаев