Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорт - ден соолуктун булагы

2023-жылдын 11-12-март күндөрү Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде "Кулатуу улуттук күрөшү" боюнча областтык чемпионат болуп өттү. Чемпионатка Жалал-Абад областынан Аксы, Ала-Бука, Сузак, Ноокен райондору жана Кочкор-Ата, Базар-Коргон, Жалал-Абад шаарларынын спортчулары катышты.

Спорттук мелдешке Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо инспектору А.Жолдошбаев 66 килограмдык салмакта катышып, республикалык чемпионатка жолдомо утуп алды.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков президиумдун атынан А.Жолдошбаевди куттуктады.

 

 Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети