Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спартакиаданын райондук туру жыйынтыкталды

2023-жылдын 8-апрелинде Өзгөн  районундагы билим берүү кызматкерлеринин  31-спартакиадасынын райондук этабы Мырза-Аке аймагындагы М.Нурбаев атындагы орто мектебинин спорттук базасында болуп өттү.

Спартакиада оюндун волейбол, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол, жана шахмат түрлөрү боюнча өткөрүлүп, Жазы, Куршаб, Мырза-Аке аймактарындагы билим берүү кызматкерлери күч сынашты.

Спорттук мелдештин соңунда жеңишке жетишкен командаларга Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан кубок, I, II, III даражадагы дипломдор акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер  тапшырылды.

Катышуучулар Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалады.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Өзгөн райондук комитети