Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спартакиада өткөрүлдү

2023-жылдын 12-майында Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети окуу жайлардын кызматкерлеринин арасында Ош мамлекеттик гуманинардык-педагогикалык университетинин спорттук базасында спорттун жети түрү: тогуз коргоол, ордо, стол тенниси, шахмат, минифутбол, стритбол, волейбол боюнча эркектер жана аялдар командаларын катыштырып спартакиада өткөрдү.

Кыймылдуу оюндар-волейбол, минифутбол, стритбол жана стол тенниси боюнча 40 жаштан жогоркулар арасында да өз алдынча командалар катышышты. Спартакиаданы обалсттык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С. Тойгонбаев ачты. Спорттун ар бир түрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталып, I, II, III орундарды ээлеген командаларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин атынан тапшырылды.

Мелдеште жалпы командалык биринчи орунду ОшМУнун командасы ээлеп, жеңүүчү болуп, I даражадагы диплом, кубок жана акчалай сыйлыкты жеңип алышты. ОшТУнун командасы экинчи орунду ээлеп, II даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктын ээси болушту. Үчүнчү орунга Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин командасы татыктуу болушуп, III даражадагы диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды. Мелдештин мыкты оюнчулары деп табылгандарга да дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды. Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С. Тойгонбаев жана ОМПУнун ректору Б. Зулушев сыйлыктарды тапшырышты. Командалар ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети