Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спартакиада болуп өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин Ош областтык кесиптик бирлик комитети 2023-жылдын 20-майында Ош мамлеккеттик гуманитардык-педагогикалык университетинин спорттук базасында спорттун алты түрү: волейбол, кичифутбол, стол тенниси, тогуз коргоол, ордо, шахмат боюнча райондук, шаардык жана түз тейлөөдөгү уюмдардын кызматкерлеринин арасында спартакиада өткөрдү.

Иш-чараны областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди каалоо менен ачып берди. Ош мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университетинин биринчи проректору К.Раимбековго сөз берилди. Спорттун ар бир түрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталып I, II, III орундарды ээлегендерге областтык комитеттин дипломдору, кызыктыруучу сыйлыктары тапшырылды.

Жыйынтыгында командалык биринчи орунду Өзгөн району багындырып, спартакиаданын чемпиону аталып, I даражадагы диплом, кубок менен сыйланды. Экинчи орунду Ноокат районунун кызматкерлери ээледи, ал эми үчүнчү орунга Кара-Суу районунун командалары татыктуу болушуп дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Мелдеш абдан курч мүнөздө өтүп, кызматкерлердин спортко болгон кызыгуулары жогорку деңгээлде экендиги белгиленди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети