Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТӨРДҮН МАКУЛДАШУУСУ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Райондук мамлекеттик администрация, райондук билим берүү жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан түзүлгөн “2015-2017-жылдарда билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча макулдашуу” 2015-жылдын 27-мартында  үч тараптуу макулдашуу салтанаттуу кабыл алынды.

 Макулдашууну кабыл алуу салтанатына катышкан  райондук малекеттик администрациянын башчысы – аким К.К.Салихов макулдашууга кол коюп жатып бул макулдашуу  Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-июлунда кабыл алынган  №154 “Кыргыз Республикасында эмгектик мамилелер тармагында социалдык өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамын райондун билим берүү тармагында ишке ашыруу максатында жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.  Макулдашуу үч тараптын бирдей өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандыгын социалдык өнөктөштөр райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Зайитов жана  билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы Т.Жумаев макулдашууга кол коюп жатып билдиришти. Макулдашууну кабыл алуу райондогу айыл өкмөттөрүнүн башчылары, таяныч мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү борборлорунун директорлору жана баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагаларынын катышуусу менен өттү. Макулдашуу 2015-жылдын 30-мартында райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүндө катталды. 

Жыйындын акырында айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде айыл өкмөтү, мектептердин, мектепке чейинки билим берүү борборлорунун директорлорунун жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ортосундагы макулдашуулар, айрым билим берүү мекемелериндеги эки тараптуу жамааттык келишимдер 2015-жылдын 15-апрелине чейин кабыл алып бүткөрүү жана райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнөн каттоого коюу керектиги белгиленди.