Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сүлүктү шаарында жылдын мыкты мугалими тандалды

2015 – жылдын 9 – 10 – апрелинде  Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулкаанасы менен билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети тарабынан шаардык мугалимдер арасында “Жылдын мыкты мугалими – 2015”  кароо-сынагы өткөрүлдү.

            Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2013 – жылдын 23 – сентябрындагы № 63/1 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын аткаруу жана мугалимдик кесиптин абройун көтөрүү, педагогикалык кызматкерлердин чыгармачылыгын өнүктүрүү, таланттуу, жаңы инновациялык багытта эмгектенген педагогдорду колдоо жана аныктоо максатында уюштурулган кароо – сынакта ар бир мектептен чыгаан, усулдук жактан такшалган мугалимдер ат салышты.

            “Жылдын мыкты мугалими – 2015” кароо-сынагын төмөнкү калыстар тобу карап, жыйынтыктап беришти.

  1. Исманов А.Ж.- шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, калыстар тобунун төрагасы.
  2. Каюмова Т.К.- усулкаана башчысы, калыстар тобунун төрагасынын орун басары.
  3. Джапарова Н.М.- башкы адис, калыстар тобунун мүчөсү
  4. Кудаяров К.С.- кесиптик кошундун төрагасы, калыстар тобунун мүчөсү.
  5. Абдиева А.М.- СГЭИнин жаштар менен иштөө боюнча координатору, калыстар тобунун мүчөсү.
  6. Кулмурзаева У.Д.- БЧБ директору, калыстар тобунун мүчөсү.
  7. Тагаев М.- СГЭИнин математика кафедрасынын окутуучусу, калыстар тобунун мүчөсү.

            Кесиптик чеберчилигин, билиминин жогорку көрсөткүчүн, жаңы пед.технологияларды өздөштүрүүсүн, чыгармачылыгын көрсөтө алган мугалимдер байгелүү орундарга жетишти. Сынак өткөрүүгө ББКП ШК тарабынан 11500 сом бөлүнүп берилди.

            Жыйынтыгында шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулкаана башчысы Т.К.Каюмова тапшырмалардын аткарылышына  анализ берип, жетишкендиктерин белгилеп кетти.

            Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исманов менен мугалимдердин кесиптик кошунунун төрагасы К.С.Кудаяров “Жылдын мыкты мугалими-2015”кароо-сынагынын катышуучуларын ийгиликтери менен куттуктап, белектерди тапшырышты:

  1. “Гран при” баш байге 3000 сом жана ардак грамота “Жылдын мыкты мугалими-2015” төш белгиси. И.Бектемиров атындагы №8 орто мектебинин тарых мугалими Мажитова Элмира.
  2. I-орун – 2000 сом жана ардак грамота Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүүчү техникалык лицейдин башталгыч классынын мугалими Абдрахманова Назира
  3. II-орун 1500 сом жана ардак грамота М.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин биология мугалими Боркошева Улугай
  4. III- орун 1000 сом жана ардак грамота Н.Кушматов атындагы №9 мектеп-гимназиясынын математика мугалими Орозова Рахат.
  5. “Жаңычыл реформатор мугалим” номинациясы жана  ардак грамота менен 500 сом В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Жапарова Айгүл.
  6. “Идеаларга бай мугалим” номинациясы менен 500 сом ардак грамотасы И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Бекмурзаева Лилия.
  7. “Публиканын урматтоосуна арзыган мугалим” номинациясы менен 500 сом Т.Рустамов атындагы №5 орто мектебинин физика мугалими Кузиева Дилярам.
  8. “Келечектен көптү үмүттөндүргөн мугалим” номинациясы ардак грамота менен 500 сом. Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Турдыева Майрам.

Ыр, бийлердин коштосунда, демөөрчүлөрдүн куттуктоосу менен жыйынтыкталды.

 

 

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун

Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы                                  К.С.Кудаяров