Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинардын максаты - биргелешип иштөөнү жакшыртуу

Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Жети- Өгүз райондук билим берүү бөлүмү жана Оргочор айыл өкмөтү биргеликте жакында Мамлекеттүүлүгүбүздү чыӊдоо ураанынын алкагында областтык маанидеги чоӊ семинар өткөрүүнү пландаштырышууда.

Семинарда талкуулана турган негизги маселе - мектеп менен ата-энелердин жана жергиликтүү бийликтердин ортосундагы биргелешип иш жүргүзүү кандай нукта ишке ашырылышы керектиги, билим, тарбия тармагындагы көйгөйлөрдү мектептин эле мойнуна жүктөп салбай канткенде бүт коомчулук биргеликте чечүүгө жетишебиз деген маселелер каралмакчы.

Өсүп келе жаткан жаш муундарга жаӊыча мамиле кылуу, ынтымакка чакыруу, келечекке болгон жаркын үмүттөрүн жандыруу, билим тармагына, мугалимдерге болгон камкордуктарды жакшыртуу иштери дагы семинардын катышуучуларынын көӊүл борборунда болмокчу.

Семинарга областыбыздын район,шаарларынан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, депутаттар, билим тармагынын кызматкерлери чакырылмакчы.

Э.Садабаев, Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин төрагасы.