Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар «Сапаттуу билим-улуттук экономиканы чыңдоого салым кошот»

 

Жакында Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык орто мектебинде «Сапаттуу билим-улуттук экономиканы чыңдоого салым кошот» деген теманын алдында мектеп директорлорунун райондук семинары болуп өттү. Семинардын максаты – окуучуларыбыз канчалык билимдүү, тарбиялуу болушса  мамлекетибиздин келечеги үчүн талыкпай эмгектенишип экономиканы, стабилдүүлүктү чыңдоого салым кошушат деген түшүнүктү окуучуларга жеткирүү жана бул багыттагы мектеп жетекчилеринин аракеттерин арттыруу болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө ачык сабактар, тегерек столдор, класстан тышкаркы иш чаралар өткөрүлүп жыйынтыктоо иши ата-энелердин катышуусу менен болуп өттү. Семинардын аягында мектеп окуучулары жана мугалимдердин күчү менен даярдалган «Манастын тили-кыргыз тили» деген чакан сценка көргөзүлдү.

Семинардын ишине Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкери Д.Асанбаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев катышышып семинардын жүрүшү, максаты жана натыйжасы жөнүндө өз ой-пикирлерин ортого салышты.

 

                                                                                                                 А.Шамиев,

 Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси.