Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар-окуулар болуп өттү

Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин планын негизинде   № 3 Мээрим бала бакчасында   12-февралда, № 46 С.Маматов атындагы билим берүү комплексинде 19-февралда жана № 80 Х.Тажиматов атындагы орто мектебинде 26-февралда   баштапкы профсоюз уюмдарынын  туруктуу комиссияларынын иш аракеттери деген темада семинар-окуулар болуп өттү. Семинар – окууга 176 баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары катышты. Жогорудагы билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын иш пландын негизинде туруктуу комиссиялар өздөрүнүн отурумдарынын жүрүшүн практикалык негизде көрсөтүшүп, кабыл алынган токтомдор жөнүндө  баяндама жасашты. Катышкан жолдоштордун арасында кеӊири пикир алмашуу болуп, семинар-окуу өз максатына жетти.