Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Сабаттуу жазалы» акциясы жүрүп жатат

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын катына жана КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын берген Жобосуна ылайык  «Сабаттуу жазалы» акциясы жарыяланган.

Мамлекеттик тилде сабаттуу жазууга багыттоо жана сабаттуу болууга үндөө максатында уюштурулган акция 14-16-апрель күндөрүнө пландаштырылып, графиктин негизинде тиешелүү структураларда, факультеттерде, колледждерде, лицейлерде улантылууда.

14-апрель күнү ОшМУнун кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери жана бухгалтериясы, педагогика, математика жана информациялык технологиялар, физика-техника, теология, табият таануу жана география, медицина, орус филологиясы, эл аралык мамилелер факультеттеринин, конфуций институтунун, медициналык коллежинин, “Билим”, “Ыйман” лицейлеринин профессордук окутуучулук курамы «Сабаттуу жазалы» акциясына катышып жат жазуу жазышса, бүгүн 15-апрель күнү калган факультеттерде, коллеждерде улантылды.

         Акция кыргыз филологиясы жана журналистика факультети жана мамлекеттик кафедралары тарабынан уюштурулуп, мамлекеттик тил борбору тарабынан 16-апрель күнү жыйынтыкталат.