Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондун акими баштапкы профсоюз уюмунун мүчөлөрү менен жолугушту.

Ак-Талаа районунун акими Черикбаев Семетей Мырзабекович билим берүү бөлүмүнүн аппараттык баштапкы профсоюз уюмунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

         Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                   2011-жылдын  19-январындагы №18 «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү» жөнүндө токтомунун аткарылышы боюнча талкуу болду.

Талкууда райондун билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган эсепканасынын баш эсепчинин орун басары Өмүркулова Света мугалимдердин эмгек акыларынын төлөнүшү жана андагы иштин күңгөйү жана тескейи боюнча маалымат берди. Ар бир эсепкананын кызматкерлери өздөрүнүн тейлеген тармактары боюнча маалымат беришип, суроо-жоопторго жооп кайтарышты. Жолугушууда райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Буйлашов Жумакадыр, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик уюмунун Ак-Талаа райондук комитетинин төрагасы Аскаров Марсбек, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан уулу Рахат, билим берүү бөлүмүнүн аппараттык баштапкы профсоюз уюмунун төрагасы Молдакматов Туякбектер өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.

         Аким өзүнүн сөзүндө мугалимдердин эмгек акысын төлөөдө айрым түшүнбөстүктөр болуп жаткандыгын, бул боюнча райондук билим берүү бөлүмүндө иштешкен кызматкерлер, эсепчилер, мектеп директорлору, окуу бөлүм башчылары менен бирдикте педагогикалык коллективге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү ар бир ишти оперативдүү, так жана өз убагында аткарууну талап кылды.

         Жылдын жыйынтыгына карата ар бир айылда жыйын өткөрүлөрүн, ага райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган эсепканасынын эсепчилери дагы катышып, түшкөн суроолорго жана түшүнбөстүктөргө жеринен чечип берүүнү сунуш кылды. Ошондой эле райондун акими райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараттык профсоюз уюмунун иштөө шарттары менен таанышып, жетишпеген материалдык-техникалык базасын чыңдоого жардам берерин билдирди.

         Бул жолугушууда райондук билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын баштапкы профсоюз уюмунун мүчөлөрү райондун акими Черикбаев Семетей Мырзабековичтин келип жолугушууга катышып бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришти. Мындай жолугушуу келерки жылдын январь айында дагы өтүү боюнча макулдашылды.

             Ак-Талаа райондук                                                                           билим берүү бөлүмүнүн

                     аппараттык профсоюз

                     уюмунун мүчөсү                         Айдакеева Д.