Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздар биримдикте аракеттенишет

Бардык эмгек жамааттарында эмгек адамынын социалдык жактан жана укуктук жактан корголушунда профсоюз уюмдарынын жүргүзүп келе жаткан иштеринин мааниси чоң  Жалал- Абад областынын Кара- Көл шаарындагы  билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу  бул жаатта  жүргүзгөн иштериндеги тажрыйбаларын муниципалдык мекемелердин профлидерлери  менен  бөлүштү.  Муниципалдык мекемелердин Кара- Көл шаардык советинин төрайымы Мусуралиева Гулнара Казбековна менен алдын ала  сүйлөшүлүп,  “Профсоюздун ролу”,” Баштапкы профсоюздук уюмдарда иш кагаздарынын  жүргүзүлүшү” деген темалар боюнча билим берүү кызматкерлеринин  профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы Каракозуева  Айгул лекция окуп, презентация менен көрсөттү. Керектүү маалыматтар папкаларга салынып, семинардын катышуучуларына таркатылып берилди. Бардык профсоюздар биримдикте иш алып барсак, ар бир тармакта эмгек адамдарынын укугу корголот деген милдеттерин белгилешип, семинарды  уюштуруучуларга  чоң ишеничин, ыраазычылыктарын билдиришти.