Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз мүчөлөрү Сары-Челекте эс алышты

2023-жылдын 14-16-июль күндөрү Ноокен районунун билим берүү кызматкерлери Аксы районундагы эс алуу жайларында болушуп, көнүлдүү эс алып кайтышты. Эс алууга райондогу мектеп, балдар бакчасы жана 2 балдар чыгармачылык үйүнүн мугалимдери, тех.кызматкерлери, жалпы 96 билим берүү кызматкеринин эс алуусу уюштурулду. Эс алууга барган билим берүү кызматкерлери өз эмгектеринин баалынып жаткандыктарын баса белгилешип,  эс алууну уюштурган кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышановго, эс алуучуларды коштоп барган кесиптик бирликтин кызматкери З.Алимбековага ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул эс алуунун өзгөчөлүгү мектеп администрациясы, катардагы мугалимдер, тех.кызматкерлер чогуу барышып, таанышып, баарлашып, мыкты эс алып келишти.

 

Маалыматты даярдаган: №42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын профкому Ж.Тешебаева