Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз майрамы кут болсун

Ысык-Ата районунда Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата билим жана илим  кызматкерлеринин райондук профсоюздук комитетинин майрамдык иш-чарасы райондук маданият үйүндө өттү. Иш-чарага Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашова жана билим берүү мекемелердин баштапкы профсоюздук комитетинин төрага, төрайымдары катышышты. Жетекчилик тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, Ысык-Ата райондук билим жана илим кызматкерлеринин  профсоюздук комитетинин төрайымы Бактыгуль Тыныбекова  билим берүү тармагына  кошкон зор салымы, жогорку кесипкөйлүүгү жана ак ниет эмгектери үчүн профсоюздун мучөлөрүнө жана баштапкы профсоюздук комитенинин лидерлерине  Ардак грамоталары  тапшырылды.  Сыйлоо аземи райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин  концерттик программасы менен уланып, майрамдык маанай тартууланды.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликnby Ысык-Ата райондук комитети