Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз-бийликтин социалдык өнөктөшү

Ноокен районунун  №8-Т.Орозматов атындагы орто мектебинде 2014-жылдын 14-ноябрында «Профсоюз- бийликтин социалдык өнөктөшү»   темасында облустук семинар  жана профсоюздук иш-чара болуп өттү.

 

Анда Жалал-Абад Облустук Профсоюздар Кеӊешинин  төрагасынын  орун басары Л. Т. Ахмадалиев, Жалал-Абад Облустук Комитетинин бөлүм башчысы А.Т.Бегматов, райадминистрация башчысынын орун басары  Н.А. Бекжигитова, райБББнун башчысы Б.С.Козуев, Ноокен айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Б.Курбанкулов, мектептин, бакчанын директорлору, 88  баштапкы профсоюздук  уюмдун  търагалары,  ардагер  жана жаш мугалимдер катышты 

 

Иш-чара окуучулардын профсоюз  кызматкелеринин кесиптик  майрамына карата куттуктоосу менен башталды.

 

«Профсоюз – эл кызматында» деген темада баштапкы профсоюз уюмдун төрайымы болуп къп жыл эмгектенген ардагер, ВЦСПССтын 16- курултайынын  делегаты Карачач Алтаева жөнүндө «Өрнөктүү өмүр» даректүү видео  тасмасы  берилди.

 

Райондук профсоюздук  уюмдун  сыймыгы болгон «Билим, илим  профсоюзунун отличниги» төш  белгисинин  ээлери  жана «Жылдын мыкты профсоюздук уюму  жана  төрагасы» райондук кароосунун 1998-жылдан 2014жылдардагы жеӊүүчүлөрү болгон жамааттар  жана инсандар жөнүндө   слайддар  менен  улантылды.

 

Борбордук Комитеттин Ош шаарында 18-сентябрда өткөрүлгөн 4-пленуму материалдары   боюнча маалыматтар жана Борбордук Комитеттин сайтынан алынган Жалал-Абад  облустук  комитетин 3-пленуму жөнүндөгү слайддар  менен катышуучуларга  жеткирилди.

 

2013- жылында «Мыкты иш  берүүчү» жана «Мыкты профсоюздук уюм  жана төрагасы»  кароосунда облуста жеӊүүчү болгон  №8-Т.Орозматов  атындагы орто мектеби жөнүндө  жана 2014- жылда «Жаш профсоюз лидери-2014» кароосунун жеӊүүчүсү  №34 «Жазгак» орто мектеби жөнүндө тартылган видео тасмалар менен иш тажрыйбалары   баяндалды.

 

Иш-чаранын  салтанаттуу  бөлүгүндө жыл жыйынтыгы менен мыкты социалдык  өнөктөштөр, алдынкы  баштапкы  профсоюздук  уюмдар, профсоюздук  лидерлер  Борбордук  Комитетин  «Билим, илим  профсоюзунун отличниги»  төш белгилери, 

Профсоюздун Жалал-Абад Облустук Кеӊешинин, облустук комитеттин,  райадминистрациянын, райБББну  менен райКБКнын «Ардак Грамоталары»  акчалай  сыйлыктарды жетекчилер  куттуктоо  сөздөрү  менен тапшырышты.

 

Ардагерлерге «Билим берүүнүн  Ардагери» төш белгилери  жана жаӊы үлгүдөгү профбилеттер жаш профсоюздук  мүчөлөргө  каалоо сөздөр менен берилди.

Социалдык өнөктөштөр  жана  катышуучулар ыраазычылыктарын айтып, жогорку  профсоюздук жетекчиликке каалоолорун билдиришти.

 

№16 Турусбеков атындагы  орто  мектебинин профкому-

Тагаева Нургул