Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Отчеттук жыйналыштар болуп өттү

2023-жылдын 20-апрелинен 12-майына чейин атайын графиктин негизинде Ноокен районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде отчеттук жыйналыштар болуп өттү. Анда Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Г.Борбиева, Айыл өкмөттөрүнүн бухгалтерлери, Айылдык кеңешинин депутаттары, ата-энелер катышты.

Жыйналыштарда бала бакчалардын 1 жыл ичинде аткарган иштери, тартылган инвестициялар, каражаттарды пайдалануусу, эмгекти коргоо жана коопсуздук, зордук-зомбулуктун алдын алуу багытындагы иштери жөнүндөгү маалыматтар берилди.

Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов бакча кызматкерлеринин милдеттери, алардын укуктары жөнүндө, коррупциянын алдын алуу, билим берүү кызматкерлерине жана балдарга түзүлүп жаткан шарттар жөнүндө айтып өттү.

Айыл өкмөттөрдүн бухгалтерлери бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында аткарылган жана алдыда пландалып жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти.

Жыйналыштар суроо-жооп менен улантылып, ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты жана мындай аянтча түзүп бергендиги үчүн Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнө, Ноокен райондук кесиптик бирлигине, ачык жана тактык үчүн бакчалардын директорлоруна  ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети