Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда окутуучулардын жана кызматкерлердин спартакиадасы жыйынтыкталды

21 январда Ош технологиялык университетинде    окутуучулардын жана кызматкерлердин ХIV-спартакиадасы жыйынтыкталды. Бул мелдеш    11- 20-январь   күндөрүнүн аралыгында өткөрүлүп, спорттун футбол, баскетбол, стол теннис, шахмат, тогуз коргоол жана  волейбол   боюнча жүрдү. Спартакиадага окуу жайдын бардык факультеттеринин, институттарынын жана колледждеринин кызматкерлерин жана окутуучуларынын курама командалары катышты. 

Мелдеш өтө курч деӊгээлде өтүп, жыйынтыгында 1-орунду  Инженердик курулуш факультетинин  эмгек жамааты, 2-орунду    Админстратифтик башкаруу аппарат кызматкерлери, ал эми 3-орунду   Технологиялык  колледжинин эмгек жамааты ээлешти.

 Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо аземинде 1-орунду алган командага кубок менен биргеликте ОшТУнун профсоюз уюму   10 000 сом акчалай сыйлык берсе, окуу жайдын эсебинен «Чыйырчык» лыжа лагерине 20 адамдык  сертификат берилди. Мындан сырткары спорттук оюндарда активдүүлүгүн көргөзгөн кызматкерлерге дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. 

ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы

 Арзыматов А.К.