Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда мугалимдердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди

Ош технологиялык университетинде мугалимдер майрамы салтанаттуу белгиленди. Иш-чара окуу жайдын чоӊ залында ѳткѳрүлүп, ага бардык окутуучулар, илимий кызматкерлер, студенттер жана жетекчилер катышты. Алгач салтанаттуу жыйындын ачылышында ОшТУнун ректору, профессор А.Абидов сѳз сүйлѳп, мугалимдердин жасаган эмгектери бүгүнкү күндѳгү коомду кыймылдаткан бардык күчтѳргѳ тиешелүү экендигин, бул кесип ары татаал, ары кызыктуу, түйшүктүү кесип болсо да кесиптештер жаштарга татыктуу тарбия, тереӊ инженердик-технологиялык билим берип жаткандыгын белгилеп ѳттү. Билим берүүдѳ татыктуу эмгектенген алдыӊкы мугалимдерге окуу жайдын, Ош шаардык мэриясынын, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  жана билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Ош областык комитетинин Ардак грамоталары, Билим берүүнүн мыктысы тѳш белгиси жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, кээ бирлерине алкыш жарыяланды. Майрамдык салтанат окуу жайдын  тарбия иштери социалдык ѳнүктүрүү департаменти жана профсоюздук уюму тарабынан уюштурулуп, таланттуу окутуучулар менен студенттердин ыр-бийлери тартууланды.

 

ОшТУнун пресс кызматынын жетекчиси Рамис Ыдырысов