Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда Мамлекеттик тил майрамы белгиленди

22-сентябрь күнү Ош технологиялык университетинде тил майрамына карата «Мамлекеттик тил» кафедрасынын уюштуруусу менен атайын майрамдык салтанат ѳткѳрүлдү. Бул иш-чараны уютуруунун негизги максаты окуу жайдагы мамлекеттик тилдин ѳнүгүшүн жана ага салым кошкондорду белгилѳѳ, студент-жаштарды кыргыз тилинде так сүйлѳѳгѳ үгүттѳѳ, алардын маданий эс алуусун уюштуруу болуп саналат. Майрамдык салтанатка  Ош областтык мамлекеттик админстрациясынын Мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү фондунун жетекчиси Гулайым Тилекманова, Кыргыз Республикасынын эл артисти  Жолболду Алыбаев, жогорку окуу жайларындагы кыргыз тилчи илимпоздор, окуу жайдын жетекчилиги жана студенттер катышты. Келген коноктор жана студенттер тарабынан кыргыз тилинин учурдагы абалы, аны ѳнүктүрүүнүн жолдору тууралуу ойлору айтылып, кыргыз тилиндеги ырлар кѳркѳм окулду. Салтанат концерттик программа менен жыйынтыкталды.