Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда “Карыялар күнү” өзгөчө белгиленди!

Ош технологиялык университетинде 1-октябрь “Карыялар күнүнө” карата өздөрүнүн жеке адамдык жана инсандык тагдырларында окуу жайдын өнүгүшүнө жана келечегине салым кошуп, талыкпастан эмгектенип келишкен карыяларга ОшТУнун профсоюз уюму тарабынан атайын майрамдык маанай  уюштурулду. Салтанаттын жүрүшүндө карыларга сый тамак берилип, майрамдык ыр-бийлер белек катары тартууланды. Мындан сырткары, Ректорат тарабынан аларга ардак грамоталар жана белектер тапшырылды. Булар бүт өмүрүн жалаң гана илимге жана жаштарды тарбиялоого жана окуу жайдын чарбалык иштерине арнаган .

 

ОшТУнун пресс секретары:

Рамис Ыдырысов