Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун студенттери Германиянын алдыңкы клиникаларынан практикадан өтүшөт

 

Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин студенттери  Германиянын алдынкы клиникаларында таанышуу  практикасында болушат.

Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин 14 студенти жана 2 окутуучусу үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 12-мартына чейиники аралыкта Германия өлкөсүндөгү  Мюнхен, Киль жана Йена шаарларында жайгашкан алдыңкы медициналык институттарында, клиникаларда болуп, тажрыйба алмашып, таанышып, жаңы аппараттар менен иштөө жолдорун көрүшүп, үйрөнүп келишет.

Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин студенттери буга чейин Германия мамлекетинин борбору Берлинде жайгашкан байыркы Шарите клиникасында болуп, таанышып, студенттер менен достошуп, тажрыйба алмашып келишкен.

Германиянын бир топ клиникалары, университеттери менен кызматташып келген Ош мамлекеттик университети мындан ары да байланышты күчөтүп, алмашуу программаларынын алкагында жайкы практикаларды уюштуруу, окутуучуларды жана ОшМУнун Медициналык клиникасынын врачтарын стажировкаларга жөнөтүү максатында аталган өлкөнүн алдыңкы клиникалары менен келишимдерди кабыл алууну пландаштырууда.

Бүгүнкү күндө Германияда медицина факультетинин 16 бүтүрүүчүлөрү аспирантурадан өтүшүп, эмгектенишүүдө.