Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун илимий китепканасы адабият күнүн белгиледи

Ош мамлекеттик университенин илимий китепканасынын жамааты Искусство факультетинин концерттик залында 12-декабрь – Адабият күнүнө карата  “Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, кайра кайтып жолугушчу күндөр бар” деген аталыштагы адабий-музыкалык кече уюштурду.

Кечеге адабият күйөрмандары, окутуучулар, студенттер жана китепканачылар катышышты.

Адабий кечени ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Таасилкан Жумабаева ачып берип, студенттерди ар дайым көркөм адабият менен жакын болуп, китептерди көп окууга чакырды.  Ал эми сөзгө чыккан Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы Саткынбай Момуналиев “Алыкул Осмоновдун поэзиясындагы адам, адам тагдыры темасынын берилиши”, адабиятчы, этнограф кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Абдимиталип Мырзакметов “Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, этнопедагогикалык көз караштары”, доцент З.Я. Мескечекова “Великие люди нашего города” деген аталыштагы Ч.Айтматов, А.Осмонов жана жалпы эле адабият темасында  докладдарды окушту. 

Кеченин жүрүшүндө Искусство жана Чет тилдер факультеттеринин студенттери тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынан даярдалган сахналык көрүнүштөр көрүүчүлөргө тартууланды. Ошондой эле университеттин таланттуу студенттери өз калемдерине таандык заманыбыздын залкар акын-жазуучулары Чынгыз Айтматовго, Алыкул Осмоновго арналган одаларын көркөм окушту.

Кечени  Искусство факультетинин элдик музыкалык аспаптар жана үйлөмө аспаптар ансамблдери шандуу коштоп турса, кыргызга белгилүү акын, көрүнүктүү ырчы, обончу, дастанчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алыбаев, Манас Кожомжаровдор  баштаган талантуу агайлардын, таланттуу студенттердин  чыгармалары шаңга бөлөдү.   Уюштуруучулар тарабынан атайын көргөзмө да уюштурулду.