Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун 75 жылдыгына карата юбилейлик төш белгилер тапшырылды

ОшМУнун  75 жылдык мааракесине карата университеттин өнүгүшүнө салым кошкон  жана көп жылдык үзүрлүү  эмгектери үчүн университетте эмгектенген жана ардактуу эс алуудагы  КРнын эл сүрөтчүлөрү, эл артистери, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө, саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкерлерге, илимдин докторлору, профессорлорго, илимдин кандидаттарына, доценттерге, окутуучу-кызматкерлерге  “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” жана “ОшМУнун ардактуу ардагерлери” төш белгилери жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

 

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков  ОшМУнун 75 жылдык тарыхында университеттин өсүп-өнүгүшүндө, келечек муундарга таалим–тарбия, билим  берүүдө өзүңүздөрдүн өмүрлөрүн,   тажрыйбаларын, энергиясын арнаган төш белги менен сыйланган илимпоз агай-эжейлерге ыраазычылык билдирди.

Салтанаттуу кечени ОшМУнун таланттуу агай-эжекелеринин, студенттеринин концерттик программасы коштоду. 

Кошумчалай кетсек, ОшМУнун 75 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар 22-октябрь күнү  “Билим берүүнүн, илимдин заманбап маселелери жана интеграциялануу процессинде өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндө университеттердин ролу” аттуу эл аралык конференциясы, 23-октябрь күнү Медициналык клиниканын ачылуу аземи, ОшМУнун башкы корпусунда мааракеге арналган салтанаттуу жыйын, 24-октябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында “Кутман курагың кут болсун, ОшМУ” аттуу ОшМУ таланттарынын салтанаттуу чоң программадагы иш-чаралары менен коштолот.