Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда окутуучулар ортосундагы спартакиада

ОшМУда окутуучулар ортосундагы спартакиадада Медициналык колледждин спортчулары I орунду багындырды 

Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөрүлгөн спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Спорттун 5 түрү боюнча волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдешке окуу жайдын бардык факультетинен жана колледжинен командалар катышышты.

Жыйынтыгында командалык эсепте Медициналык колледждин спортчулары 1-орунду, Бизнес жана менеджмент факультетинин командасы 2-орунду, Табият таануу жана география факультетинин командасы 3-орунду багындырып ректорат жана профсоюз уюму тарабынан диплом, кубок, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле мыкты оюн көрсөткөн спортчуларга да сылыктар тапшырылды. Оюндун байге фонду 30 миң сомду түздү.