Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда мырзалар үчүн бильярд боюнча биринчилик өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз уюму тарабынан 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата жыл сайын уюштурулуучу окуу жайдын окутуучу, кызматкер агайларынын ортосунда бильярд боюнча мелдеш болуп өттү.

 

Ош шаарындагы “Хан” бильярд клубунда  уюштурулган мелдешке жалпысынан 35 оюнчу катышышты.  Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп эсептелет дейт уюштуруучулар.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Медициналык колледждин окутуучусу Э.Сартманбетов, 2-орунду математика жана информациялык технологиялар  факультетинин ага окутуучусу Ш.Оморов, 3-орунду политология жана философия кафедрасынын ага окутуучусу А.Акаев, 4-орунду ОшМУнун спорт аянтчасынын жетекчиси Т.Бекмаматовдор  ээлешип, профсоюз уюму тарабынан диплом, баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан  мелдештин күйөрмандарына жана катышуучуларына атайын түшкү тамак уюштурулуп, эстелик үчүн белектер берилди.

Белгилей кетсек, иш чара Мекен коргоочулардын күнүнүн урматына сатка айлынып жыл сайын уюштурулуп келет.