Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү иш күнүнүн башталышы менен эртең менен саат 8-30да университеттин башкы имаратынын алдында профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин катышуусунда өттү.

Аталган иш-чара студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо, жаштарга Кыргыз Республикасынын атрибуттарын таанытуу ошондой эле даңазалоо, Кыргыз Республикасынын желегине коомчулуктун көңүлүн буруу жана ага урматтоо сезимдерин калыптандыруу максатында тарбия департаменти тарабынан уюштурулду.


Иш чарада алгач Кыргыз Республикасынын Гимни ырдалып, мамлекетибиздин  туусу көтөрүлдү. Андан соң Кыргыз Республикасынын туусу жөнүндө кыскача баяндама жасалып, куттуктоолор айтылды.


Мындай иш чара бүгүн университеттин бардык структураларында да болуп өттү. 

Белгилей кетсек, бул иш-чара салтка айланып ар жылы уюштурулуп келет.