Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда магистранттар үчүн онлайн-лекциялар уюштурулууда

Ош мамлекеттик университетинде магистранттарга  дасыккан илимпоз-окумуштуулардын он-лайн режиминде лекциялары окула баштады.

 7-апрель күнү университеттин конференц залында “Энергетика жана электротехника” багытындагы “Электр менен камсыздоо профилинде билим алып жатышкан магистранттарга жана бакалавриатта дистанттык окутуу формасынын 3-курсунун студенттерине “Кайра жаралуучу энергия булактары” дисциплинасы боюнча” И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Дистанттык окутуу жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директору,  тех.и.д., профессор Алайбек Обозов “Энергия менен камсыздоо көйгөйлөрүн чечүүдө кайра жаралуучу энергия булактарынын мүмкүнчүлүктөрү” деген темада алгачкы лекциясын окуду.  Лекцияда атайын даярдалган видео материалдар көрсөтүлүп, кызыктуу талкуу жүрдү.

Магистранттарга алгач ирет уюштурулуп жаткан он-лайн лекциянын жүрүшүнө ОшМУнун ректору К.Исаков, сырттан жана дистанттык окутуу боюнча проректор О.Шаимкулов, окуу-информациялык департаменттин директору К.Кожобеков, инвестиция жана инновация департаментинин директору И.Кенжаев,  магистратура департаментинин директору Э.Камалов, маалыматтык жана техникалык камсыздоо борборунун директору Р.Ураимов, Физика-техника факультетинин деканы М.Өскөнбаев, энергетика кафедрасынын башчысы З.Айдарбеков баш болгон ректораттын өкүлдөрү, окутуучулар да катышып мындай республикалык жана чет өлкөлүк окумуштуу-аалымдардын лекцияларын жаңы технологиялардын жардамында уюштуруу иштери мындан ары тынымсыз уланаарын айтышты.

Ушул эле багытта 6-16-апрель күндөрү профессор Алайбек Обозовдун “Электроэнергетикадагы заманбап компьютердик технологиялар” дисциплинасы боюнча да лекциялары уланат.

Кошумчалай кетсек, Ош мамлекеттик университети үч баскычтуу билим берүүгө (бакалавриат, магистратура, PhD докторантура) укук алган республикадагы 3 мамлекеттик университеттин бири болуп саналат жана
1998-жылдан тартып ОшМУ менен Анкара университети ортосундагы келишимдин негизинде “Теология” багыты боюнча магистрлерди даярдоо ишке ашырыла баштаган.
Чет өлкөдөгү ар түрдүү магистрдик программалар боюнча магистрлерди даярдоо тажрыйбасын талдоонун натыйжасында 2008-жылы ОшМУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинин базасында “Экономика” жана “Менеджмент” багыттары боюнча магистрдик программалар ачылган.Бүгүнкү күндө ОшМУда 26 багыт боюнча 500 дөн ашуун магистранттар билим алып жатышат.