Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда 56 мектептен 1230 окуучу катышкан олимпиада уюштурулду

Ош мамлекеттик университети «ОшМУ Ош шаарына» долбоорунун алкагында мектеп менен жогорку окуу жайдын кызматташытыгын чыңдоо максатында 12-апрель –космонавтика күнүнө карата Ош шаардык мектептер арасында табигый илимдер боюнча олимпиада өткөрдү.

Олимпиада математика, информатика, физика, химия, биология, география предметтери боюнча Ош шаарындагы жалпы орто билим берүүчү мектептердин 8-9-10-11-класстарынын окуучулары арасында уюштурулуп, жалпы 56 мектептен 1056 катышуунун арызы түшүп, конкурстан сырткары катышкан Ош облустук Уркуя Салиева атындагы таланттуу балдар лицей-мектеп интернаты жана ОшМУнун Билим, Ыйман лицейинин окуучулары менен биргеликте жалпысынан 1230 окуучу катышты. Сынактар ОшМУнун башкы окуу корпусунда жана Табият таануу жана география факультетинде уюштурулуп, окуучуларга ОшМУ таланттарынын концерттик программалары коюлуп, окуу жайга экскурциялар уюштурулду жана кесипке багыт берүү багытындагы ОшМУнун буклеттери, 28-апрель күнү уюштурулуп жаткан «Билим майрамына» чакыруу кагаздары, «Нур» гезитинин атайын чыгарылышы таркатылып, түшкү тамак берилди. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана мугалимдерине диплом, ардак грамота, баалуу белектер тапшырылып, сунуш-пикирлер айтылды.

«Мектеп окуучуларынын табигый илимдерге болгон кызыгуусун аныктоо, окуучуларды илимий-изилдөө иштерине кызыктыруу, табигый илимдерге жөндөмдүү балдардын жакшы окуусуна көмөктөшүү, таланттуу мугалимдерди колдоо, мектеп менен университеттин өз ара туруктуу кызматташтыгын күчөтүү максатында ОшМУнун жетекчилиги тарабынан демилгеленип уюштурулган олимпиада ОшМУда 1-жолу уюштурулду. Мектеп менен ЖОЖдун байланышын күчөтүү багытындагы бул иш чараны салтка айтлантып ар жылы уюштурууну пландашытып жатабыз», -деди ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Тасилкан Жумабаева.