Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда 2 күн бою жазды ишембиликтер өткөрүлдү

Ош шаарынын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында уюштурулуп жаткан  “Жазгы эки айлыктын” алкагында 13-14-март күндөрү Ош мамлекеттик университеттеринде ишембиликтер өткөрүлдү.

Алгач 13-март күнү Ош шаарынын А. Масалиева, Ленин, Курманжан Датка, Г. Айтиев, А.Шакиров, Н.Исанов жана башка бир топ  чоң көчөлөрү жана  Сулайман Тоосунун айланасындагы  арыктар казылып, тратуарлар тазаланды.

Ал эми 14-март күнү А.Новои атындагы  эс алуу паркы тазаланып, таштандылар чыгарылып, Ак-Буура дарыясынын жээктери тазаланды. Ошондой эле Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына карата шаардагы Өчпөс оттун айланасы жана Жаштар паркын жыл сайын университетте уюштурулуп келе жаткан «Эң мыкты студенттик тайпа» конкурсунун быйылкы катышуучулары тазалашты.  “Жылдын куратору”, «Эң мыкты студенттик тайпа»  сыяктуу тарбия ишине стимул берүүчү сынактар ОшМУда үзгүлтүксүз уюштурулуп, жеңүүчүлөрүнө Ысык-Көл, Сары-Челек, Арстанбап, Абшыр-Ата, Ак-Буура эс алуу жайларына жолдомолор берилип келет. Бул жолдомолорду жеңип алуу үчүн кураторлор менен тайпанын студенттери эң жакшы окуу менен бирге жыл бою коомдук-маданий, спорттук иш-чараларга, ишембиликтерге активдүү катышып келишет.  

 Ушул эле күнү ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин "Тимурчулары"  ардагер аксакалдардын үйлөрүндөгү короолорду тазалап, огороддорун казып берүү менен ак баталарын алышты.

Иш чараганын жүрүшүндө  ОшМУнун бардык факультеттеринен миңден ашуун студенттер Ак-Буура дарыясынын жээктеринде, шаардагы эс алуу тазалоо менен таштандыларды чогултушуп, чыгындыларды чыгаруу иштерин аткарышты.  Иш чарага студенттер менен биргеликте окутуучулар, тайпалардын кураторлору, тарбия иштери боюнча декандын орун басарлары   катышышты. Бул иш чаралар  тарбия департаментинин демилгеси менен өткөрүлдү.