Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ “Жылдын мыкты мекемеси”

Кыргызстандын тунгуч гезити болгон  “Кыргыз Туусу”  гезитинин 90 жылдык мааракесинде Ош мамлекеттик университети  “Жылдын мыкты мекемеси”  деп табылды.

 

Дипломдо тышкы жана ички инвестицияларды тартуу менен билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүп, окутуунун сапатын жогорулатууда электрондук университетти түзүп, жаңы, заманбап түзүмдөрдү ачып, ички эсептен медициналык клиникаларды кургандыгы, эл аралык билим берүү мейкиндигинде интеграцияланып жаткандыгы үчүн ректор Каныбек Исаков жетектеген Ош мамлекеттик университети “Жылдын мыкты мекемеси” деп табылат деп жазылган. Сыйлыкты “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн директору, башкы редактор Ж.Саалаев 6-ноябрь күнү  “Кыргыз Туусу”  гезитинин 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган жыйында тапшырды.