Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ Кытайдын бир топ университеттери менен кызматташат

Кытай эл республикасынын Ланджоу шаарындагы Ланджоу университетинде өткөрүлгөн “Борбордук Азиядагы Конфуций институттарынын конференциясында” Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институту, анын иштөө системасы, перспективалары, Кыргызстандагы билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү  боюнча презентация жасады.

Конференциянын жүрүшүндө бир топ университеттин жетекчилери менен пикир алышуулар болуп алмашуу программаларын ишке ашыруу, кызматташуу  багытында иштиктүү сүйлөшүүлөр жүрдү.

 

Андан тышкары Ланджоу университетинде, Сиань шаарындагы Түндүк-Батыш университетинде,   Синьцзян мамлекеттик   педагогикалык университетинде билим алып жаткан студенттер, магистранттар менен жолугушууларды өткөрдү.

 

         Бүгүнкү күндө Кытайдын бир топ университеттеринде ОшМУнун 130дан ашуун студенттери, магистранттары  алмашуу программасынын негизинде билим алып жатышса, алардын басымдуу бөлүгү Кытай эл республикасынын гранттарынын эсебинен билим алышууда.