Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош шаарынын мэри ОГПИнин жаштары менен баарлашты

Бүгүн 2-октябрь Ош шаарынын мэри Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич ОГПИнин жаштары менен баарлашты. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

         Алгач ордолуу Ош шаары жөнүндө көрсөтүлгөн видео слайт коюлуп, Ош шаарында болуп жаткан иштер, жетишкендиктер, алдыдагы пландар боюнча маалымат берилди. Суроо-жооп иретинде өткөрүлгөн бул иш-чара студенттер тарабынан ар кандай кызыккан суроолор берилди.

         «Мен ОГПИнин алдынан күнүнө эки ирет өтөм. ОГПИнин окутуучулары тынымсыз иштеп, студенттери изденип окуп жатканы байкалат. Кыргызстандын түштүк аймагындагы орто мектептеринде жетишпеген адистиктерин даярдап берүүдө сиздердин окуу жайыңыздардын өтө чоң орду бар. Бул окуу жайдын келечеги кенен, өлкөбүз үчүн керектүү окуу жай» - деди мэр өз сөзүндө.