Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областында жыл жыйынтыгы чыгарылды

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин  профсоюз комитети 2014-жылдын  жыйынтыгын  2015-жылдын 13-январь  күнү кеӊейтилген Президиумунда  чыгарды.

Президиумда 2014-жылды  аткарылган  иштер, жетишкен ийгиликтер жана  кетирилген кемчилдиктер жөнүндө  ОПКнын төрагасы  С.Тойгонбаев  отчет берди.

Кызматкерлердин  укуктарын, кызыкчылыктарын коргоодо  БПКнын көрсөтмөсү жана  практикалык берген жардамдары  менен түнкү  убакта, дем  алыш майрам  күндөрү иштеп жаткан  кызматкерлерге  үстөк акыларды  алып  берүүгө жетишилгендиги  эӊ чоӊ  ийгиликтердин бири  болгондугун баса  белгиледи.

Оптимизация  жана бир жыл  ичиндеги  үнөм акчалар  толугу менен  мугалимдердин  колуна  жеткендиги  РПК, ШПКнын  төрага, төрайымдарын  такай көзөмөлгө  алып тургандыгы, борбордоштурулган  эсепканалар менен  тыгыз иш алып  баргандыктарынын натыйжасы болду.

Айыл жерине  барып  иштеген жаш  кадрларга, бир жолу  берилүүчү   10 эселенген  оклад өлчөмүндөгү  жөлөк пулдардын  айыл аймактары  тарабынан  берилиши Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда  ишке ашып жаткандыгы,  жаш  мугалимдерге  көрүлгөн  камкордуктардын  бири катары  кубандырат.

Райшаар, окуу жайлардын  жетекчилери, профсоюз  лидерлерин колдоо менен өнөктөштүктү  өнүктүрүүдө эриш - аркак  болуп иш алып барышууда.

Кызматкерлердин  ден-соолуктарын  чыӊдоо, эс алуусун  уюштурууда  Мамакеев атындагы, Жалал-Абад  санаториялары  менен келишимдердин негизинде  жолдомолорду  алып  берүү,  аларды  өздөрүнө  ыӊгайлуу мезгилдерде  жөнөтүү жакшы жолго  коюлуп, калыптанып калгандыгы белгилүү.

Маданий –массалык, спорттук  иш-чааралар  дайыма  өз деӊгээлинде  уюшкандыкта  өткөрүлүп жатат.

Бардык  райшаарларда баштапкы уюмдардын төрагаларын, төрайымдарын катыштырып, алардын  укуктук-ченемдик  актылардын негизинде билим деӊгээлдерин  жогорулатууда  тийиштүү маселелерди  камтыган,  окуу-семинарлар  өткөрүлдү.

2014-жылы  кетирилген  айрым  бир кемчилдиктерге  токтолуп, ал кемчилдиктерди  2015-жылдын  иш планына  киргизүү менен  четтетүү талкууланды. Президиумдун  отуруму  өз ишин  жыйынтыктап,  экинчи бөлүгүндө  профсоюз   ардагерлерине,  активистерине  жана райшаар, окуу жайлардын жетекчилерине  өнөктөштүктү  өнүктүрүүдө  кошкон салымдары үчүн  белектер тапшырылды.

 

                     Ош областтык профсоюз  комитети.