Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областтык «Жыл мугалими» конкурсу

Ош  областында   «Жыл мугалими  - 2015» кароо  сынагы   болуп  өтүп, ага  бардык  райшаарлардын   конкурстарынан  өтүп  жолдомо   алган   чыгаан  мугалимдер   катышышты.  Үч  күнгө  созулган    кароо - сынакты  калыстар  тобу   жыйынтыкташып,  I  орунду   Өзгөн  районундагы   Келдибаев  а.о.м  мугалими   Жумагулова  Т., II орунду   Кара – Суу  районундагы   Учкун  о.м  мугалими  Абдумуталипова  З.,  III орунду  Ноокат   районундагы  «Билимканаанын»  мугалими  Т.Жунусовго   ыйгарышты.  Жеӊүүчүлөрдү  Ош  областтык   профсоюз  комитети   дипломдор,  муздаткыч,  кир  жуучу   машиналар   өӊдүү баалуу белектер  менен   сыйлашты  жана    кароо – сынактын   бардык  катышуучуларына   курорт – санатория,   пансианаттарга,  эс  алуу  үйлөрүнө    жолдомолор   берилээрин  убадалашты.