Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

Ош мамлекеттик университети тарых барактарында

Ош мамлекеттик университети алгач 1939-жылы педагогикалык адистерди даярдоо максатында Ош шаарындагы мугалимдер институту болуп түзүлгөн. Бул институттун курамында тарых-филология, физика-математика жана табият таануу-география факультеттери болгон. Институттагы окуу мөөнөтү 2 жылды түзүп, ага 10 айлык предметтик курстарды, педагогикалык училищаларды бүткөн бүтүрүүчүлөрдү кабыл ала баштаган. 1941-жылдын 22-июнунда Улуу Ата Мекендик согуш башталып, көптөгөн окутуучулар жана студенттер согушка кетишкен. Согуш шартында кайрадан түзүлгөн завод-фабрикалар менен катар эвакуацияланган илимий жана маданий мекемелерди кыска мөөнөттө жайгаштыруу, алардын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүү зарылчылдыгы болгон. 1942-жылдын сентябрында Ростов шаарындагы мамлекеттик университет жана педагогикалык институт Ош шаарына көчүрүлүп келинген. Курамында 9 профессор, 25 доцент, 30 дан ашуун окутуучу, ассистент жана лаборанттары бар Ростовдун эки жогорку окуу жайлары жана согуш убагындагы шартка ылайык бир окуу жайга биригишкен.

       Жергиликтүү партиялык, советтик бийлик органдарынын чечими менен согуштун башталышында жабылып калган Оштогу мугалимдер институтунун окуу имараты, эки мектептин 18 класстык бөлмөсү эвакуацияланып келген Ростов университетини карамагына өткөрүлүп берилген. Булл университеттин профессордук окутуучулук курамы аз убакыттын аралыгында эле окуу процессин уюштурууга жетишип Ош шаарынын, областтын коомдук-саясийт урмушуна активдүү аралаша башташкан.                            
       Кыргыз Өкмөтү Оштогу мугалимдер институтун кайрадан ачуу жөнүндө токтом кабыл алган. Ошентип жогорудагы эки улуттук жана бир нече орус тайпаларынын негизинде 1944-жылдын 21-мартынан Оштогу мугалимдер институту кайрадан 116 студенттердин контингенти менен өз ишин баштаган. Ростов университети 1944-жылдын 2-майынын өз мекенине көчүп кеткен.
       1951-жылдын 24-майындагы СССРдин Совмининин токтомуна ылайык 1951-жылдын 1-августунан Оштогу мугалимдер институту 03 курамында «Тил жана адабият», «физика-математика», «биология», «чет тилдер» жана «дене тарбия» факультеттерин камтыган Ош педагогикалык институту болуп кайрадан уюштурулган.                                                                            СССРдин Билим берүү министрлиги жана республиканын Эл агартуу министрлигинин 1951-жылдын 18-июлундагы 188-буйругуна ылайык эки жылдык мугалимдер институту Ош мамлекеттик педагогикалык институту катары республикабыздын түштүгүндө биринчи жогорку окуу жайы болуп түзүлгөн.     
      Институту уюштуруу жана андан ары өнүктүрүү иштерине республикабыздын көптөгөн белгилүү инсандары, партиялык-советтик жетекчилер активдүү катышкан. Аларды ничинде айрыкча ректорлордун ролу зор. Мындай жетекчилердин катарында төмөнкүлөрдү атаса болот: Табалдиев Раимбек Жумабаевич (ОМПИнинбиринчи директору); Шамгунов Кизим Давлетович, Кыргыз мамлекеттик пединститутун 1945-жылы бүтүргөн, физика-математика илимдеринин кандидаты, ОМПИде илим жана окуу иштери боюнча директордун биринчи орун басары, Кызыл Жылдыз жана Ата-Мекендик согуштун II даражадагы ордендердин кавалери; Камалов Назырхан Камалович, философия окутуучусу, улуту өзбек, Ташкенттеги марксизм-ленинизм институтун 1939-жылы бүтүргөн, Кызыл Жылдыз жана Ата-Мекендик согуштун II даражадагы орденинин кавалери; Светлицкий Георгий Яковлевич, зоология кафедрасынын башчысы, доцент, улуту орус, 1935-жылы Воронеж университетин бүтүргөн; Турсунова Дарыгул, орус тили жана адабияты кафедрасынын доценти, казак кызы, 1939-жылы Чкалов пединститутун бүтүргөн, «Күжүрмөн эмгеги үчүн» медалынын кавалери ж.б.  
       ОМПИ 60-жылдары өз ишин 5 факультет менен баштаган: физика-математика, табиятт аануу-география, тарых-филология, музыка-педагогика жана чет тили. Окуу жайыбыздын директорлору жана ректорлору: 1958-жылкы КМУнун бүтүрүүчүсү, 1918-жылдан ВКП(б)нын мүчөсү, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Половиков Федор Иосифович (1953-55-окуу жылдары), тарых илимдеринин кандидаты, доцент Ашымкан Омуралиев (1955-60-окуу жылдары), Эшмамбетов Бакы Эшмамбетович (1960-64-окуу жылдары), физика-математика илимдеринин кандидаты Айтмурзаев Ташмурза (1965-67-окуу жылдары), биология илимдеринин кандидаты, доцент Ботбаева Мира Махмудовна (1967-73-окуу жылдары), экономика илимдеринин кандидаты Кулуев Раимкул (1973-77-окуу жылдары), философия илимдеринин кандидаты, доцент Жумагулов Сулайман (1977-86-окуу жылдары), философия илимдеринин кандидаты Анарбаев Арап (1986-92-окуу жылдары), тарых илимдеринин кандидаты, доцент Бешимов Бакыт Жолчубекович (1992-98-окуу жылдары). 1998-2004-жылдары химия илимдеринин доктору, профессор, КРнын УИА сынын академиги Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович, 2005-2010-жылдары техника илимдеринин доктору, профессор Орозбеков Мухтар Орозбекович. Азыркы мезгилде окуу жайын филология илимдеринин доктору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович жетектөөдө. Жогоруда саналган жетекчилердин ар бири окуу жайыбыздын калыптанышына зор салымдары нкошушкан.
       Ош МУнун учурда девизи: “Кыргызстан үчүн күйүп жанып, таза иштей турган мезгил келди.”            75 жылдык татыктуу тарыхый жолду басып өткөн Ош мамлекеттик университетинде 3 билим берүү институту, 14 факультет, 110 кафедра, 2 медициналык колледжи, 1 финансы-юридикалык колледж, 2 лицей, 1 балдар бакча, 1 окуу борбор, 30дан ашык эл аралык борборлор бар.                                                                                                  ОшМУ үч баскычтуу билим берүүгө (бакалавриат, магистратура, Phd) укук алган республикадагы 3 мамлекеттик университеттин курамына кошулуп, бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы алдыңкы университеттердин катарына кирди.                                                    Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында университетте окуу процессин уюштуруу жана башкаруу толугу менен автоматташтырылып, электрондук башкарууга өттү.                                                                                                                                                         Бүгүнкү күндө ОшМУда 1400 гө жакын окутуучу, анын ичинде –КР УИА нын 1 академиги, КР УИАнын 2 мүчө-корреспонденти, КР Инженердик академиясынын жана Эл аралык академиялардын 8 мүчөсү, 54 илимдин докторлору жана профессорлору, 290 илимдин кандидаттары жана доценттери, КР нын 4 эл артисттери, КРнын 2 Эл сүрөтчүсү, КРдин билим берүүсүнө, саламаттык сактоосуна, илимине, спортуна, маданиятына эмгек сиңирген 13 ишмерлер, 280 ден ашуун билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун мыктылары эмгектенишүүдө.                                                                                                                Азыркы мезгилде  ОшМУда 78 адистик (багыт) боюнча 27 миңден ашуун студент билим алышууда. Алардын ичинен 799 студент - Турция, Кытай, Корея, Египет, Швейцария, Канада, Шри-Ланка, Нигерия, Пакистан, Непал, Индия, Сирия, Бангладеш, Бахрейн, Иран, Таиланд, Ливан, Йемен, Мальдивы, Россия, Украина, Грузия, Азербайжан, Казахстан, Туркменистан, Тажикстан, Өзбекстан ж.б. чет өлкөлөрдөн келишкендер.                      Илимий-техникалык прогресстин талаптарына ылайык окуу жайдын ар бир имараты жаңы муундагы компьютердик техникалар менен камсыздалган жана алар жогорку ылдамдыктагы интернет тармагына туташтырылган. Окуу аудиторияларына видео байкоо жана интерактивдүү доскалар орнотулуп, факультеттерде мультимедиялык залдар уюштурулду.                                                                                                                Студенттердин татыктуу билим алуусу үчүн ОшМУнун китеп фондунда 1 млн. ашуун илимий, окуу-усулдук китептер бар. Төрт борбордук китепканалар, 10 окуу залы болочок адистерге окуу-усулдук кызмат көрсөтүүдө.                                                      Университеттин «Үмүт» телестудиясы жана «Нур» газетасы студенттик турмушту реалдуу чагылдырып, жаштардын илимий жана чыгармачыл аракеттерине өбөлгө түзүүдө. Ысык-Көлдүн жээгинде «Үмүт» пансионаты, Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан эс алуу зонасы, атайын профилактория ОшМУнун студенттеринин жана кызматчыларынын эс алып, ден соолугун чыңдашы үчүн кызмат кылат.                    ОшМУда учурдун талабына ылайык 21 окуу корпусу, 8 студенттик жатакана, чет өлкөлүк окутуучулар үчүн курулган мейманканасы, 15 спорт комплекси, заманбап жасалма газондуу жана эл аралык талаптагы табигый чөптүү 2 футбол аянты, 1 теннистик корт, 13 студенттик ашкана бар.                                                                                          ОшМУда эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен:                                                               – эл аралык стандартта жабдылган Конфуций институту ачылды;                                         – 3 көз карандысыз тестирлөө жана дистанттык технологиялар борборлору ишке берилди;                                                                                                                                                      – университетке абитуриенттерди кабыл алуу ишмердүүлүгүн ачык айкын уюштуруу үчүн акыркы технологиялардын жардамында кабыл алуу процесси Интернетке жайгаштырылып, on-line режиминде чагылдырылууда.

 

Абдыжапар Аккулов,

ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы,          

география илимдеринин кандидаты, доцент