Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областтык комитети тарабынан спартакиада өткөрүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети тарабынан Ош шаарындагы окуу жайларынын кызматкерлеринин арасында спартакиада өткөрүлдү.

Спартакиаданын жүрүшүндө волейбол боюнча 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку мырзалар I орун;

Волейбол боюнча 40 жашка чейинки айымдар I орун, 40 жаштан жогорку айымдар II орун;

Футбол боюнча 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку мырзалар I орун;

Стритбол оюну боюнча 45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогорку мырзалар жана айымдар арасындагы оюнчулар I орун;

Ордо боюнча мырзалар I орун;

Шахмат боюнча мырзалар жана айымдар I орун;

Тогуз коргоол боюнча мырзалар I орун;

Стол тенниси боюнча 40 жашка чейинки агайлар жана эжекелер I орун,  ал эми 40 жаштан жогорку агайлар III орунду ээлешти.

Ал эми спорттук мелдештин соңунда, жалпы командалык жыйынтык менен ОшМУ I орунду камсыз кылышты.

Спартакиаданын катышуучулары уюштуруучуларга терең ыразычылыктарын билдиришип, Ош областтык кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети